Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Хорогдук тургун: өлгөндөрдүн саны бийлик айткандан көп


Атын атабаган хорогдук тургун согушчандар менен күч органдарынын аткылашында жай тургундардан бир нече адам окко учканына күбө болгонун “Азаттыкка” айтып берди. "Үйдөн ажатканага чыгып баратканда бирөөнү атты, дагы бирөө терезесин ачкан кезде ок жегенин көрдүм" деди ал. Жергиликтүү жашоочулардын баары жай тургундарга ок чыгарганы үчүн өкмөттүк күч органдарына нааразы болушууда. Азыр Хорогдо базарлар, дүкөндөр жана мамлекеттик мекемелер иштебей турат.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун Хорог шаарында согушчандарга каршы атайын операция 21-июлда Коопсуздук комитетинин генералы мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин башталган.

Бийлик менен согушчандар ортосундагы кагылышта 60ка чукул киши мерт болгону айтылууда. Тажик бийлиги эгер согушчандар өз ыктыяры менен колго түшүп берсе, аларга мунапыс берилерин убада кылган, бирок бул сунушту куралдуу топ четке каккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG