Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Кыргызстандагы жетим балдар лидердик сапаттарды үйрөнүштү


SIDOK клубунун башчысы Жамиля Байбураева «Азаттыкка» билдиргендей, он күндүн ичинде өлкөнүн облустарынын балдар үйлөрүндө тарбияланган балдар ар кандай билимге ээ болушту.

Беш облустан келген 10 бала сынак аркылуу тандалып, толеранттуулук, коомдогу алака-катыш эмне экенин окуп билишти. Андан тышкары белгилүү спортчулардан ден соолукту бекемдөөнүн пайдасы, Ысык-Көлгө барып экология жана туризм боюнча сабак алышты.

Байбураева белгилеп кеткендей, бул долбоор жетим үйлөрдө жашап жаткан балдарда лидердик сапатты өнүктүрүп, ар тараптан билимдүү болуп, жашына жеткенде өзүн таштабай, туура максаттарды аныктап, тырышып бутуна туруууга жардам берет.
«Смайл» долбоорунда 8-класстан 10-класска чейинки балдар катышышты. Жалпысынан беш жылдын ичинде 50 жетим-жесир бала жогоруда айтылган билдимге ээ болуптур.

Долбоор Кыргызстандын жана Жапониянын филантроптору аркылуу каржыланып, кийинки жылы аны өткөрүү пландаштырылууда. (ТТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG