Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Быйыл Ысык-Көлдө эс алуучулар арбын


Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева “Азаттыкка” кабарлагандай, быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу сезон узагыраак болот – эгер 2011-жылы сезон аба ырайына байланыштуу августтун башында эле бүтүп калса, быйыл сентябрдын аягына чейин болоору болжолдонууда.

Былтыр Ысык-Көлгө жалпысынан 700 миӊге жакын (ички жана тышкы) турист келип, кирешеси 130 миллион сомду түзгөн. Быйыл туристтер былтыркыдан эки эсе көп келип, бюджетке 230 миллион сом киреше күтүлүүдө.

Облус губернаторунун орун басарынын айтымында, адаттагыдай эле эс алуучулардын көбү Казакстан менен Орусиядан келип жатат. Туристтердин саны түндүк жээктен тышкары, көлдүн тескей тарабында да акырындап көбөйүп баратат.

2010-жылы Кыргызстандагы тополоң окуяларга байланыштуу Ысык-Көлгө келгендердин саны кескин азайып кеткен эле. (ТТо)

XS
SM
MD
LG