Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:43

Түлеевди үй камагына чыгаруу боюнча доо арыз каралат


Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Түлеевдин адвокаты Султан Баратов билдирди.

Буга чейин 25-июлга белгилегенген соттук иш УКМКнын тергөөчүлөрү жараянга келбей койгонуна байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталууда. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG