Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

Олимпиада оюндарында бүгүн кыргыз спортчулары күч сынашат


Олимпиаданын расмий сайтындагы маалыматка караганда, бүгүн Бишкек убактысы боюнча 14:00дө Руслан Исмаилов 10 метрге мылтык атуу боюнча мелдешке катышат. Андан соң Исмаилов 50 жана 120 метрлик аралыктагы ок атууга да чыгат. Ушул эле күнү Илья Игнатьев парустук спортто таймашат.

Келе жаткан жумада кыргыз спортчулары бейшемби күндөн тышкары күн сайын оюндарда катышат экен. Маселен, экинчи, үчүнчү, бешинчи жана алтынчы күндөрү кыргызстандык спортчулар парустук спорт, сууда сүзүү жана дзюдо боюнча оюндарда күч сынайт. Эмки жекшембиде болсо Юлия Андреева жеӊил атлетика, Арсен Эралиев менен Данияр Көбөнөв грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге катышат.

Лондон Олимпиадасы башталгандан бери Казакстандын спортчулары 2 алтын, Орусияныкы 1 алтын жана 1 коло , Өзбекстандын спортчусу коло медалга ээ болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG