Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Лондон-2012: Бекзат Осмоналиев таймашка катыштырылбады


Бекзат Осмоналиев
Бекзат Осмоналиев
Өткөн түнү Лондон Олимпиадасында алгачкы кыргыз спортчусу даярдык учурундагы сыноодон өтө албай, мелдешке катыштырылган жок.

Кыргызстандык оор атлетчи Бекзат Осмоналиев 56 килограммга чейинки категорияда эркектер арасындагы оор атлетика боюнча мелдешке киргизилбегенин Лондондон "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш кабарлады: “Бекзат Осмоналиев “А” тобундагы мыктылар менен таймашуу үчүн сыноодо 127 кг.оордукту жулкуп көтөрүп, бирок түртүп көтөрүүдө 145 кг.оордукту көтөрө албай калды. Ошентип, ал таймаштан четтетилип, кыргызстандыктардын үмүтүн актай алган жок”, - деди кабарчыбыз.

Оор атлетика боюнча 56 килограммга чейинкилердин категориясында түштүк кореялык Ом Юн-Чол женди. Ал түртүп көтөрүү боюнча буга чейинки Олимп оюндарындагы рекордду ашканы айтылууда. Күмүш медаль кытайлык Ву деген спортчуга, ал эми коло медаль азербайжандык Христовго тийди.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө кыргызстандык Руслан Исмаилов 10 метрге мылтык атуу боюнча мелдешке катышат. Ушул эле күнү Илья Игнатьев парустук спортто таймашаары күтүлүүдө. Бүгүн Лондондо жалпысынан спорттун 21 түрү боюнча мелдештер болот.

XS
SM
MD
LG