Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Жалал-Абадда "Бир тууган шаарлар" күндөрү өтүп жатат


Түрк дүйнөсү муниципалитеттер бирикмесинин башчысынын төрагасынын орун басары Бурханеддин Коджамаз баштаган делегация учурда Жалал-Абадды кыдырууда. Бүгүн алар Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө
жана "Жеткинчек" балдар бакчасында болушту. Эки күндүк иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаары менен Түриянын Тарсус шаарын, Сузак айылы
менен Жейхан шаарын бир тууган шаарлар деп таануу тууралуу документтерге кол коюлаары болжолдонуп жатат. Түркиялык өкүлдөр Жалал-Абаддан кийин Талас, Ысык-Көл облустарында болушат. 28-июлда башталып, 5-августка дейре болуучу иш сапардын буга чейинки күндөрүндө алар Ош, Өзгөн шаарларын көрүп чыгышты. (YA)

XS
SM
MD
LG