Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Индияда 300 млн. адам электр жарыгысыз калды


Индиянын түндүк аймактарына электр берүү капылеттен токтоп, ооруканаларада чырак жок, поезддер жүрбөй калды. Өлкө байтакты Жаңы Делиде метро иштебей жатат. Жаңы Дели, Пенжаб, Хариана, Ражастан, Жамми-Кашмир болуп, өлкө түндүгүндөгү сегиз штатка электр кубаты 12 саат ичинде бериле баштары ырасмий кабарланды.

The Times of India гезитинин жазышынча, береги сегиз штатта үч жүз миллиондон ашуун калк жашайт. Өкмөттүк Уттар Прадеш энергокомпаниясынын башчысы Авинаш Авастинин түшүндүрүшүнчө, бул Индияда акыркы 11 жылда болгон эң чоң энергокырсык жана аварияга кээ бир штаттардын жайкы ысыкта нормадагыдан көп электр кубатын керектөөсү себеп болгон. Электроавария дүйшөмбү күнү таңкы саат экиде болгон.

2001-жылкы электроаварияны калыбына келтирүүгө 16 саат кеткен.

XS
SM
MD
LG