Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Араван: төрөтканада ымыркайлар алмаштырылган эмес


Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Оштогу Араван райондук төрөтканада ымыркай уул кызга алмаштырылган эмес. Дарыгерлер жаңы төрөлгөн наристенин жынысын туура эмес жазып алышкан. Төрөтканын кызматкерлери кетирген кемчиликтеринен улам ымыркайга өз эсебинен биологиялык экспертиза жүргүзүп, Нуржан Бекмаматова кыз төрөгөнүн далилдеп бергени жатат.

Ушул айдын башында райондук төрөтканада көз жарган Нуржан Бекмаматова уулу белгисиз себептер менен кызга алмаштырылып калганын, буга дарыгерлер күнөөлүү экенин айтып чыккан. Коомдо чоң талкууну жараткан окуяны прокуратура иликтөөгө киришкен.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул окуядан кийин эки дарыгер кызматтан кетти, бөлүм башчысы баштаган дагы бир топ медиктер сөгүш алды. (EBM)

XS
SM
MD
LG