Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Нарында БАУнун курулушу 2016-жылы бүтөт


“Ага Хан” эл аралык кору куруп жаткан Нарындагы Борбор Азия университети 2016-жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу аталган университеттин жетекчиси Богдан Кравченко билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарынын батыш тарабында 250 гектар жерде университеттин кампусу курулууда. Куруу иштери бүткөрүлгөн соң окуу жай ачылат. Анда Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандын студенттери билим ала алышат.

Казакстандын Текели, Тажикстандын Хорог жана Кыргызстандын Нарын шаарларындагы Борбор Азия университетинин курулуштарынын демөөрчүсү канзаада Карим Ага Хандын кору. (BkA)

XS
SM
MD
LG