Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

“Альфа Телекомдун” мурунку жетекчилеринин соту 10-августта башталат


Мыйзамсыз акча которуулар боюнча айыпталган "Альфа Телеком” ишканасынын жетекчилеринин иши 10-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Учурда айыпталгандар УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

«Альфа Телеком» ишканаcынын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков ишканага 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып менен январь айында камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө компаниядан дагы 6 миллион доллар оффшордук аймакка чыгарылганы аныкталган. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG