Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Көк-Жаңгакта сел алган көпүрө оңдолду


Май айында сел алып кеткен Көк-Жаңгак шаарынын Шахтер көчөсүндөгү көпүрө оңдолду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун кабарлашынча, кечээки оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 24-июнда селдин айынан бузулган темир жол көпүрөсү да калыбына келтирилди. Маалыматка ылайык, селден тазалоо жумуштарына министрлик 1257 литр күйүүчү май берип, жергиликтүү мэрия тарабынан бир жүктөгүч жана бир сел агындыларын ташуучу автоунаа бөлүнгөн. Аксы районунда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Улук айылындагы селкананын тазалоо иштерине бир экскаватор жана эки жүк ташуучу унаа тартылып, жумуш улантылууда. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG