Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Аламүдүндө Тез-Төр көлү ташыганы кабарланууда


Бүгүн саат ондор чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Аламүдүн районунун Адыгене коктусундагы тоодо жайгашкан Тез-Төр көлүнүн көлөмү көбөйүп, аймакты суу каптоодо деген маалымат түштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирүүдө.

Бул маалыматты тактоо максатында окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин Чүй облустук башкармалыгынан жана Аламүдүн райондук бөлүмүнөн өкүлдөр чыгып кетишти. Мындан тышкары Аламүдүн райондук Куткаруу кызматы өзгөчө кырдаал болду делген жерге жөнөдү. Коркунуч келтирилген айыл өкмөттөрүнүн башчыларына эскертүү иштери жүрүп жатат. Жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG