Жалал-Абад менен Түркиянын Тарсус шаары бир тууган шаарлар болуп калышты. Бул тууралуу чечимге бүгүн аталган калаалардын мэрлери Бакыт Адылов менен Бурханеддин Кожамаз кол коюшту. Жалал-Абаддын Спутник кичи районундагы көчөлөрдүн бирине Тарсус шаарынын аты берилди. 2011-жылы Түркиянын бул шаарындагы жаңы көчөгө Жалал-Абаддын аты коюлган. Тарсус шаарынын мэри Бурханеддин Кожамаз бир тууган шаар болуу – эки өлкөгө, бүткүл дүйнөгө үлгү болоорлук иш экенин жана Жалал-Абаддын көйгөйлөрүн чечүү аракеттери жасаларын билдирди. Кечинде Тарсус шаар мэриясы Жалал-Абадда орозо кармаган 200 адамга ооз ачтыра турган болду. (YA)