Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:41

Казак полициясынын экинчи офицери жарааттан жан берди


Алматыда 28-июлда болгон аткылашууда башына ок тийген полициячы көз жумду. Ырасмий маалыматта, лейтенант Эрназ Кожахметов эсине келбей жатып, жан бергени айтылат. Ишемби күнкү аткылашта полициянын улук лейтенанты Эржан Кайракбаев башына ок жаңылып, курман болгон эле. Полициячыларга кол салды деп шектелген “бантиддик топко” каршы дүйшөмбү күнү Алматыда өткөрүлгөн атайын операцияда алты кылмышкерлер жок кылынганын Казакстандын башкы прокурорлугу кечээ маалымдаган. Алардын алтоо тең мурда оор кылмыш жасап, абакта отуруп чыгышкан экен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG