Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Лондон 2012: Кыргызстандык суучул негизги мелдешке чыкпай калды


Бүгүн кыргызстандык суучул Дмитрий Александров Лондон олимпиадасында 200 метр аралыкка сүзүү боюнча алгачкы тандап алуу туруна катышып, негизги мелдешке чыкпай калды. “Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш Лондондон билдиргендей, кыргызстандык суучул өз тобунда Грузия жана Мадагаскардан келген спортчулар менен жарышып, маарага экинчи келди. Бирок жалпы жыйынтыкты алганда бул топтон эч бири негизги мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алышкан жок. Олимпиаданын расмий сайты кыргызстандык суучул 200 метрди 2 мүнөт 17 секундда (2:17.92) сүзүп өткөнүн көрсөтүүдө.

Буга чейин кыргызстандык жел кайыкчы Илья Игнатьев, оор атлетчи Бекзат Осмоналиев жана мылтык атуу боюнча Руслан Исмаилов байгелүү орунга илинбей калышкан. Лондон олимпиадасында Кыргызстандан 14 спортчу жолдомо алышкан. (KKs)
XS
SM
MD
LG