Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Сириянын ири шаары Алепподо катуу уруш жүрүүдө


31-июлда тикучарлар жана артиллерия колдогон өкмөттүк аскерлер козголоңчулардын өңүттөрүнө чабуул коюуну улантты. Эрегишчилер Алеппонун негизги бөлүгүнөн аскерлер артка кайтарылганын, азыр алар шаардын чыгыш жана түштүк-чыгыш аймактарын көзөмөлдөп турушканын маалымдашты. Бул кабарды көз карандысыз булактар ырастай элек.

2 миллион элдүү Алеппону миңдеген адамдар таштап кеткенин БУУ билдирди. Эл аралык мартабалуу уюмдун Качкындар агенттигинин кабарлашынча, шаар ичинде 18 миң адам там-жайын таштап, үй-жайсыз жүрөт.

XS
SM
MD
LG