Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Украинада орус тили регионалдык макамга ээ болот


Украин парламентинин төрагасы Владимир Литвин орус тилине “регионалдык тил” макамын берген мыйзам долбооруна кол койгону расмий маалымдалды. Чоң талашты жараткан мыйзамга ылайык, Украинанын 27 облусунун он үчүндө орус тили мамлекеттик тилге удаа колдонулат. Мыйзам мындай макамды Крымда татар, Чернивици облусунда румын жана Закарпат регионунда венгер тилдерине берди. Парламент бул мыйзамды 3-июлда бекиткенде Литвин кызматтан кеткенин айтып, депутаттарга арызын жолдогон. Бирок арыз канааттандырылган эмес. Мыйзам долбооруна айрым депутаттар каршы болушкан. Киевде жана башка жерлерде мыйзам долбооруна каршы нааразылык митингдери өткөн. Эми бул мыйзамга президент Виктор Янукович кол койсо, ал күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG