Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Лондон 2012: Кыргыз дзюдочусу күрөшөт


Лондондо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн кыргызстандык дзюдочу Чыңгыз Мамедов күрөшөт. Мамедов алгачкы беттешке жапон дзюдочусу Масаши Нияшиама менен чыгат.

27-июлда башталган олимпиада оюндарында кыргызстандык төрт спортчу мелдештерге катышты.

Буга чейин кыргызстандык жел кайыкчы Илья Игнатьев, оор атлетчи Бекзат Осмоналиев, мылтык атуу боюнча Руслан Исмаилов жана сууда сүзүүдө Дмитрий
Александров байгелүү орундарга илинбей калышкан.

Кыргызстан Лондонго 14 спортчусун аттандырган. Алар спорттун 10 түрү боюнча таймашууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG