Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Ясир Арафаттын жесири анын ууландырылышы боюнча доо арызын берди


Палестинанын мурдагы лидери Ясир Арафаттын жесири анын ууландырылышы боюнча доо арызын берди. Суха Арафат анын күйөөсүн атайлап өлтүрүшкөнүн айтып, бирок кайсы бир конкреттүү мамлекетти, топту же адамдарды айыптап жатпаганын белгилейт. "Менин максатым - чындыкты билүү", - деди Суха адвокаты аркылуу жасаган билдирүүсүндө. Өткөн айда Швейцариядагы лаборатория Арафаттын кийим-кечесинде полонийдин издери табылганын маалымдаган. Ушундай эле зат менен 2006-жылы орусиялык тыңчы Александр Литвиненко ууландырылган.

Арафат 2004-жылдын ноябрында Париждин жанындагы ооруканада көз жумган. Франциялык доктурлар анын мээсине кан куюлган деген диагноз коюп, бирок ага эмне себеп болгонун аныктай алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG