Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Иракта кош жардыруудан 19 киши набыт болду


Багдаддын шийилер байырлаган чөлкөмүндө кош жардыруудан бери дегенде 19 киши жан таслим болду. Полициянын маалыматына ылайык, Каррадахтагы биринчи бомба паркта, ресторан менен полиция бөлүмүнүн жанына коюлган. Дүрмөттөлгөн экинчи машина бир нече километр алысыраак, паспорт берилчү мекеменин сыртында жарылган. Теракттар эл жумуштан үйлөрүнө кайтып бараткан сааттарда болгон.

23-июлда шиийлерди бутага алган координацияланган кол салуулардан 100дөн ашуун адам набыт кеткен. Ал жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө "ал-Каиданын" жергиликтүү канаты алган.

XS
SM
MD
LG