Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

“Кемин” подстанциясынын курулушу башталды


Бүгүн “Кемин” подстанциясынын курулушу расмий түрдө башталды. Подстанциянын пайдубалын түптө аземине президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн жана казакстандын “Самрук-Энерго” компаниясынын өкүлдөрү катышты.

“Кемин” подстанциясы “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түйүнүнүн бир бөлүгү болуп калат. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев белгилегендей, бул түйүн курулуп бүтсө, Кыргызстандын түштүгүнөн түндүгүнө электр энергиясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, өлкө энергетика багытында көз карандысыздыкка жетишет.

Бүгүн пайдубалы түптөлгөн “Кемин” подстанциясын кытайлык ТВЕА компания 2014-жылдын декабрь айына чейин куруп бүткөрүүнү көздөөдө. (JJ/KKs)

XS
SM
MD
LG