Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Өзбекстан: билимден акча жасагандар


Өзбекстанда жогорку окуу жайларга кирүү сынактары башталды. Бирок жогорку билим алууну эңсеген улан-кыздардын саны сунуш этилген орундардан алда канча ашат.

Кээ бир университеттерде бир орунга 8-10 талапкер туура келет. Мындай шартта экзаменди акча берип тапшырууну оң көргөндөр да аз эмес. Андай каалоочулар үчүн атайын түйүндөр бир нече жылдан бери кызмат кылып келатат.

Жыл сайын июль айында Жамшид Ташкенттеги мамлекеттик юридикалык институтуна кирүүнү каалаган көптөгөн жаш өзбекстандыктардай эле уйкудан калып, күнү-түнү башы китептен чыкпай, сынактарга катуу даярданат. Бирок Жамшид жөнөкөй абитуриент эмес. Ал акча алып, экзамен тапшырган же сынактын жыйынтыктарын башка жолдор менен жасаткан түйүндүн мүчөсү. Ал бул ишке 4 жылдан бери катышып келатат.

- Мендейлерди “солдат” деп коюшат. Жалган паспорт менен кирип сынак тапшырам. Документке менин сүрөтүм чапталган, бирок аты-жөнү башка адамдыкы. Биздин сабактарыбыз июнда аяктайт. Анан июлдан тарта окуй баштайбыз. 3-4 бөлмөлүү батирде жашайбыз. Болгон милдетибиз – сынакка даярдануу.

Паракорлук Борбор Азиянын башка жумурияттарындагыдай эле Өзбекстандын жогорку окуу жайларында да кеңири жайылган көрүнүш.

Алсак, быйыл жогорку окуу жайларындагы 56 миң орун үчүн 431 миндей киши ат салышууда. Башкача айтканда 1 орунга 8 киши талаптанат. Ташкенттеги медициналык академиянын Ферганадагы филиалына болсо 1 орунга 21 киши, ал эми борбор шаардагы Ислам университетине 1 орунга 13 киши туура келет.

Хорезм шаарынын тургуну Гүлхур Ташкенттеги чет тилдер университетиндеги англис тил факультетинде окусам деп кыялданат. "Чоң конкурс сынакты ийгиликтүү тапшыруунун башка жолдорун издөөгө түртөт", - дейт абитуриент кыз.

- Университетке кирүүнү максат кылып койгом. Бирок ал абдан татаал болчудай. Жакшы билим менен катар акча керек.

Кириш экзаменинен кулап калгандарга кайрадан тапшыруу үчүн 1 жыл күтүүгө туура келет. Андыктан тобокелге салбай, акча берип өтүп кетүүнү өөн көрбөгөн улан-кыздардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Айрым учурларда ортомчулар түйүнүнүн кызматы 10 миң долларга чейин бааланат.

Түйүнгө башка бирөөнүн ордуна сынакка кирип чыккан “солдаттардан” тышкары туура жооптор жазылган чөнтөк телефондорду, сканнер-калемдерди, башка жолдорду ойлоп тапкан адамдар тартылган.

Кээ бир жабдуулар аскерлер колдонгон ыкмаларды эске салат. Айрым учурларда сынакты көзөмөлдөгөн мугалимдер менен коопсуздук кызматкерлери да андан пайда табышат.

Ташкенттеги педагогикалык институттун мугалими эрежелерди бузган айрым иштерге жолтоо болуу аракетинен майнап чыкпаганын айтат:

- Өткөн жылы сынактарга көз салган комиссияга киргем. Кээ бир талапкерлер мобилдик телефондору менен кирип атканын байкадым. Аларды ачыктан ачык, жашырбай эле колдонушканда "алып койгула" деп айтып жаттым. Телефондорду ким бергенин билбейм. Бирок айрым мугалимдер аларды алып кирүү уруксаты үчүн пара алышканын уккам. Ушинтип акча жасашат экен. Билесизби, бир бала сынакка таптакыр кирбептир, ал азыр абройлуу университеттердин биринде окуп атат. Мен талапкерлерге “университке өтүү үчүн же алтын капчыгыңар же алтын мээңер болушу керек” деп айтам.

Бир айда 3 миң доллар тапкан Жамшид түйүндүн башында тургандар чоң акча жасашарын айтат. Билим берүү министрлиги жана тестирлөө борборундагы кээ бир адамдардын жардамы менен түзүлгөн уюшма жылына жарым миллион долларга чейин киреше алып келиши ыктымал.

Атүгүл өткөн жылы Бухарадагы ошондой түйүндөрдүн бири 45 миң долларга жаңы жабдыктарды, анын ичинде вай-файы бар заманбап чөнтөк телефондорду сатып алыптыр.

Достору “компьютер” деп аташкан Жамшид болсо билимдүү, акылдуу жаштар үчүн бул иш акча табуунун жакшы жолу дейт. Ал эми алардын билимин пайдаланган абитуриенттерчи? Бул болсо өзүнчө бир маселе:

- Алардын билими начар болгондуктан акча беришет. Бул чоң проблема. Кээде таптакыр эч нерсе билбегендер жолугат. Таптакыр. Ошондой студенттер университетке кирип, кийин банк же башка жерде иштеп калышса, андан өлкөбүз эле уттурат. Келечегибиз күмөн болот.

XS
SM
MD
LG