Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Алеппо шаарында аскерлер козголоңчуларды бомбалашты


Сирияда өкмөттүк күчтөр Алеппо шаарынын козголоңчулар ээлеп алган бир нече райондорун аткылашты. Америкалык NBC телеканалынын маалымдашынча, козголоңчулар Сирия президенти Башар Асаддын армиясына каршы “жер-аба” системасындагы ракеталарды пайдаланып жатышат. Жыйырмага чукул ракета түзүлүштөрү Түркиянын аймагы аркылуу алынып келгени кабарланууда.

Кармаштар Сириянын башка шаарларында да болуп жатат. Бирок акыркы күндөрү өкмөт бардык күчүн Алеппого салып, шаарды козголоңчулардан бошотуу максатын көздөп жатат.

Буга чейин Алеппонун миңдеген карапайым тургундары шаардан чыгып кете албай жатканы маалымдалган. Алепподон 200 миңге чукул киши чыгып кетүүгө үлгүрдү. Ушул тапта шаарда азык-түлүк жана газдын запасы түгөнүп баратканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG