Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

АКШнын коргоо министри Леон Панетта Израилге келди


Алдын ала маалыматтарга караганда, Леон Панетта Израилдин жетекчилиги менен Ирандын өзөктүк программасы жана Сириядагы абал тууралуу сүйлөшөт. Буга чейин Израилдин маалымат каражаттарында чыккан "Панетта Израил лидерлери менен Иранга каршы аскердик операция жүргүзүү боюнча АКШнын планы туурасында сүйлөшөт экен” деген маанидеги кабарларды АКШнын коргоо министри четке какты.

Министрдин айтымында, Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху жана коргоо министри Эхуд Барак менен болчу жолугушууда тараптар Ирандын өзөктүк программасынан болчу коркунучтарга байланыштуу маселелер жөнүндө сүйлөшөт.

Израилге чейин Леон Панетта Египетте болуп, өлкөнүн жаңы өкмөтү менен жолугушуп кайткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG