Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Жарандык коом Сабиров үй камагына чыгышына каршы


Равшанбек Сабировду сотко алып келишүүдө, 6-июль, 2012.
Равшанбек Сабировду сотко алып келишүүдө, 6-июль, 2012.

Жарандык коом өкүлдөрү абакка түшкөн министр Сабировду үй камагына чыгарууга кепилдик берген депутаттарды сындап чыкты.

Депутаттар абакта жаткан Равшанбек Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жетишкенин өлкөдөгү социалдык коргоону реформалоо үчүн түзүлгөн жарандык демилгелердин коалициясы айыптай турганын бүгүнкү билдирүүсүндө айтты.

Июлдун башында камакка алынган социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров 25-июлда айрым депутаттардын кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.

Аталган коалициянын атынан сүйлөгөн укук коргоочу Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” сүйлөп жатып: "Биз балдарды чет өлкөгө асырап алуу ишиндеги коррупцияны иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишине кийлигишкен депутаттардын аракетин айыптайбыз. Депутаттар Камчыбек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Нурлан Төрөбеков, Бөдөш Мамырова жана Талант Мамытов өздөрүнүн аракети менен Бишкек шаардык сотунун чечимин дээрлик алмаштырып алышты. Мындай окуя Кыргызстан үчүн начар өнөкөткө айланышы ажеп эмес. Бул жараян улана берсе, бир да жогорку кызматтагы чиновник жоопкерчиликке тартылбай калышы мүмкүн деген коркунуч бар", - деди.

Турдубекова мындай аракет Бишкек шаарынын мурдагы мэри, азыркы депутат Нариман Түлеевди эки ай мурда кармоо учурунда да болгонун эске салды. Ошондо абактагы депутат айрым башка эл өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен бошотулган. Бирок төрт күндөн кийин кайра камалды. “Азыр эми жаңы эле бала асыроодогу коррупциялык схемалардын тамыры көрүнө баштаганда депутаттардын бул иши күрөшкө олуттуу тоскоолдук болот”, - дейт ал.

"Депутаттардын аракети президент, премьер, анан парламенттин өзү тарабынан жар салынган коррупцияга каршы күрөшкө тоскоолдук кылат. Кээ бир депутаттар өздөрү менен бирге иштеген башка эл өкүлдөрүнүн кылмышын жашырып, аларды коргой берсе, өз алдынча түрмөдөн чыгара берсе, анда жөнөкөй жаран кантип бул система менен күрөшө алат? Курөшө албайт, албетте", - деди Назгүл Турдубекова. Ал Кыргызстанда “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук корун жетектейт.

Экс-министр Равшанбек Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жетишкен депутаттардын катарында ысмы аталган парламент мүчөсү Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” сүйлөп жатып, алар Равшан Сабировду гана эмес, аларга кайрылган “күнөөлүү деп табыла элек” ким болбосун, баарын бошотуу үчүн арыз жазганга даяр экенин, андыктан жарандык коомдун өкүлдөрү жаңылышып жатышканын айтты.

"Биз, депутаттар, бир эле Равшан Сабиров эмес, башка көптөгөн адамдар үчүн өтүнүч каттарды жазабыз. Врачпы, мугалимби, дыйканбы, айтор, ким болбосун, күнөөсү жок кармалып калса, чыгарылсын деп жазып жатабыз. Кылмыш учурунда кармаса мейли, бирок башка бирөөнүн сөзү менен кармагандын өзү азыркыдай орозо күндөрү – чоң кылмыш, - дейт депутат. - Равшан Сабировду биз түрмөдөн сүдүрөп чыгыптырбызбы? Соттун чечими болду. Нариман Түлеев боюнча чечим маселен, өзгөртүүсүз калды. Ал үчүн бизге караганда көбүрөөк депутат кайрылган болчу. Равшан Сабировду эч ким пара менен кармаган жок, анын жардамчысы кармалды. Демек жардамчысынын үстүнөн тергөө жүрүп, сот болсун".

Башкы прокуратура министр менен анын жардамчысы кызматынан кыянаттык менен пайдаланып акча өндүргөн деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөнүн фирмасын каттоо үчүн талап кылынганын билдирген. Сабиров дооматтарды четке кагып келет.

Коррупцияга каршы күрөшкө байкоо салган аналитиктер азыр жарандык коом менен депутаттардын ортосундагы бул соңку окуялар жалпы жемкордукка каршы күрөшкө терс таасирин тийгизет деп эсептешет. Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканова “депутаттар элге конкреттүү белгилерди берип жатышат” дейт.

"Коррупциялык иштер үчүн күнөөлөнүп же шектелип кармалган чиновниктерди депутаттар кайра эле кепилдиги менен чыгарып жатышканда элге “жемкор болсоң да, колдооң болсо болду” деген сигнал берилип жатат. Бийликке келгенде сен да ушундай болосуң деген ой жатат, башкача айтканда, адамды паракордуктан коркуткан эч кандай тосмо калбады, - дейт Нурипа Муканова. - Ошол эле маалда, бир тоок же кой уурдаган адамга 10 жыл берет же катуу жаза чегерет. Азыр Сабировбу, Түлеевби, айтор, кайсыл жогорку кызматтагы адам болбосун, анын жемкордукка канчалык тийиштиги бар же жок экенин иликтей турган атайын органдар бар. Бул депутаттардын иши эмес. Соттун тийиштүү чечими болушу керек. Бирок ага жеткирбей эле депутаттар бул ишке кийлигишип жатышат".

Жакында кыргыз бийликтери балдарды чет өлкөгө асыроону уюштуруу иштерине кайрадан тыйуу салып коюшту. Ага салынган тыйуу былтыр октябрда алынган болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG