Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

АКШнын Тажикстандагы элчилиги сайттардын жабылышына кабатыр


АКШ элчилиги өзүнүн расмий билдирүүсүндө өлкөдөгү бир нече жаңылыктар сайттарынын жана Youtube сайтынын узак убакытка чейин жабылып турушуна тынчсыздануусун билдирди. АКШ адамдын өз оюн эркин билдирүү укугу коомдук жайларда гана эмес интернетте да универсалдуу экендигин белгилейт.

“Биз дүйнө жүзүндөгү сөз эркиндигин колдойбуз жана башка өлкөлөр да бул принциптерди карманышы керек. Качан идеяларга бөгөт коюлуп, жаңылык жок кылынып, элдин тандоо укугу чектелгенде маалымат эркиндиги аксап, интернет биз үчүн маанисин жоготот. Биз мындай маселелерди Тажикстандын өкмөтү менен талкуулай беришибиз керек ”, - деп айтылат билдирүүдө.
АКШ элчилиги Тажикстандын өкмөтүн адам укугун сыйлап, интернет сайттарга киргизилген чектөөнү алып коюуга чакырды.

Тажикстандагы массалык маалымат каражаттарына байланышту мындай маселелер Тоолуу Бадахшандагы акыркы окуяларга байланыштуу пайда болду.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарында согушчандарга каршы атайын операция 21-июлда Коопсуздук комитетинин генералы мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин башталган эле.

XS
SM
MD
LG