Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Мамкаттоонун бөлүм башчысы пара алган жеринен кармалды


УКМКнын маалымат кызматынан билдиришинче, Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт чыгаруу бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул фактка байланыштуу Кылмыш кодексинин 313 (пара алуу) жана 304-беренелери (кызмат абалынан пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, 1-августта мамкаттоонун бөлүм башчысы ушул эле бөлүмдүн аймактык кызматкеринен чет өлкөлүк жаранга мыйзамсыз паспорт сатуу боюнча ишти жаап коюну убады кылып, 2 миң доллар пара алып жатканында кармалган.

Учурда коррупцияга шектелген кызматкер УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, тергөө-иликтөө иштери башталды.(BkA)

XS
SM
MD
LG