Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Ажылыкты уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлөт


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы ажылык сапарды уюштуруу боюнча республикалык штаб түзөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулло ажы Эгембердиев кабарлады.

Анын маалыматында, аталган штабдын курамына дин иштери боюнча комиссиянын, ИИМ, саламаттыкты сактоо, ТИМ, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү кирет.

Быйылкы жылы ажылык үчүн Сауд Арабстан Кыргызстанга 4500 кишиге орун берген. Муфтийдин милдетин аткаруучунун билдиришинче, өлкөдө ажылыкка барууну каалагандардын саны көп болгонуна байланыштуу кошумча 500 орун алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

31-июлда тендерде зыяратчыларды ташуу үчүн Сауд Арабиясына “Кыргыз Транс Авиа” компаниясы тандалып, жол киренин өлчөмү 1450 доллар деп аныкталды. Быйыл ажылык сапар октябрь айынын башында башталат.(BkA)

XS
SM
MD
LG