Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Сот өкмөткө жарандар тууралуу маалыматты бекем сактоону тапшырды


1-августта Бишкек райондор аралык соту өкмөткө өлкө жарандары тууралуу маалыматтарды сактай турган атайын орган түзүүнү тапшырды. Мындай чечимди сот укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун Кыргызстанда жарандар тууралуу маалыматтар бекем сакталбай, ар кандай жол менен оңой эле сатылып жатканы боюнча арызынан соң кабыл алды.

Нурбек Токтакуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, 2008-жылы Кыргызстандын жарандарынын жеке маанидеги маалыматтарынын купуялыгын сактоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок буга карабай, мамлекеттик органдардын жарандар жөнүндө маалымат ачык болуп, сатылып жатканына байланыштуу сотко кайрылганын билдирди укук коргоочу.

Эми Бишкек райондор аралык сотунун чечимине ылайык, өкмөт алты ай ичинде мамлекет карамагындагы маалыматтардын купуялуулугун камсыз кыла турган атайын орган түзүшү керек.

Эгер өкмөт соттун чечимин аткарбаса, Токтакунов жогорку баскычтагы сотко кайрылаарын билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG