Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:01

Бишкекте “Мекендештер” форуму ачылды


Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму башталды. Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул форумдун ачылыш аземине чет өлкөдөн келген кыргыз жарандары менен катар өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев жана бир катар өкмөт өкүлдөрү катышууда. Форум эки күнгө уланып, бүгүн четтеги диаспоралардын кызматташтыгы жана өлкөдөгү ар кыл маселелер талкууланмакчы.

Кечээ “Замандаш" ассоциациясы уюштурган кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк конгресси ишин баштаган болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG