Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Аламүдүндөгү Ала-Арча суусунун деңгээли өз калыбында


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн районуна караштуу Адыгене коктусундагы Ала-Арча суусунун агымы секундуна 10-15 метрди түзүүдө. Маалыматка ылайык, 31-июлда аймакта жайгашкан Тез-Төр көлүнүн 70% суусу агып кеткен. Натыйжада көлдө 30% дай эле суу калууда.

Азыр көлдүн суусу куюлган Ала-Арча суусу өз нугу менен агып жатат. Жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнө коркунуч жок. Аламүдүн районунун жарандык коргоо кызматтары жана айыл өкмөттөрү аймакты күнү-түнү көзөмөл кылышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG