Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Лондон-2012: Медалдардын саны боюнча Кытай алдыда


30 медалдын ичинен Кытай 17 алтын тагынса, америкалыктар 29 медаль, анын ичинен 12 алтынды женишти. 3-орунда Түштүк Корея келатат.

Өзбекстандык көркөм гимнаст Луиза Галиулина болсо анализдеринде тыюу салынган зат табылгандыктан мелдештен четтетилди. Ушуну менен 3-спортсмен допинг колдонгондугу үчүн Лондондон кетүүгө аргасыз болду.
Ал тапта Эл аралык Олимпиада комитети 8 бадминтончусун оюндардан четтетти. Түштүк Кореянын 4, Индонезия менен кытайлык экиден спортсмен кийинки айлампада жеңилирээк атаандашка туш болуу үчүн атайлап уттуруп коюшкан деп айыпталууда. Алардын улам-улам жөнөкөй ката кетирип жатышы көрүүчүлөргө да жаккан эмес.

Түштүк Корея командасынын машыктыруучусу 4 бадминтончу кыздын атайлап жыдыганын моюнга алды. Бирок бул кытайлык спортчулардын ушундай эле аракеттерине жооп болгонун айтты.

XS
SM
MD
LG