Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстандык эки балбан Лондонго сапар алууда


Бүгүн саат бир жарымда грек-рим күрөшү боюнча олимпиадага катыша турган Арсен Эралиев (54 кг.) менен Данияр Көбөнов (74 кг.) Лондонго Стамбул аркылуу учуп кетишет. “Манас” аба майданынан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, балбандар менен кошо алардын машыктыруучусу, укалоочу жана бир дарыгер барат. Арсен Эралиев менен Данияр Көбөнов 4-августта таразага түшүп, 5-августта таймашка түшөт. Кыргызстандын олимпиада комитети бул балбандар Лондон олимпиадасында ийгилик жаратаарына үмүт артып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG