Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Караколдо аялдамалар оңдолот


Караколдо аялдамалар оңдолуп, бир тартипке салынат. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов билдирди. Маалыматка ылайык, шаар ичинде 39 аялдама бар. Алгач алардын ону оңдолуп, анан калган аялдамалар жасалат.

“Шаардагы аялдамалар буга чейин 5 жылга ижарага берилип, алган адамдар өздөрү оңдоп келген. Эми долбоор менен борбордук көчөлөргө чоң аялдама, четки көчөлөргө кичине аялдама салынат”, - деди Ишенбек Өмүрканов.

Каракол шаары - Ысык-Көл облусунун борбору.(МК)

XS
SM
MD
LG