Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Казакстандык укук коргоочу Кыргызстандан баш паанек сурады


Казакстандык укук коргоочу Александр Осадченко Кыргызстандан баш паанек сурап жатат. Бул тууралуу арыз президент Алмазбек Атамбаевдин наамына жөнөтүлгөнүн анын расмий өкүлү Ксения Филимонова бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Жактоочулардын айтымында, 10-июнда Осадченкону Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрү мыйзамсыз кармоого аракет кылышкан. Бирок жергиликтүү жарандар укук коргоочуну бошотуп калышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын тартип коргоо кызматкерлери келип, жагдайды териштиребиз деп Осадченкону кармап кетишкен. Ошондон бери укук коргоочу Бишкектеги биринчи тергөө абагында камакта отурат.

Жактоочулар Осадченко Казакстандын Жаңы-Өзөн окуялары боюнча куугунтукталып жатканын айтып, аны казак тарапка өткөрбөөнү кыргыз президентинен өтүнүүдө. Укук коргоочунун адвокаты Елена Ткачева Осадченконун иши боюнча бир нече жолу прокуратура органдарына кайрылганын, бирок андан майнап чыкпай жатканын бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Бул боюнча эки өлкөнүн расмий органдары комментарий бере элек. Жактоочулардын айтымында, Казакстанда Осадченкого карата кылмыш иши козголгон. (KJ/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG