Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

НАТОнун Ооганстандагы кол башчысы Пакистанга барат


Ооганстандагы НАТО баштаган бейпилдик күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Жон Аллен бүгүн Исламабадга келип, Пакистан армиясынын кол башчысы генерал Ашфак Каяни менен жолугушаары күтүлүүдө. Эки генерал Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы коопсуздук маселесин талкуулайт. Бул генерал Аллендин Пакистан НАТО күчтөрүнө жолду ачкандан кийинки алгачкы сапары.

Былтыр ноябрда НАТОнун аба соккусунан пакистандык 24 жоокер набыт болгондон кийин Пакистан Ооганстанга жүк ташыган НАТОнун унаалары үчүн чек арасын жаап салып, узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн айда жолду кайрадан ачып берди.

XS
SM
MD
LG