Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Тажикстан: Социал-демократтар Хорогдогу операцияны айыптады


Тажикстандагы Социал-демократтар партиясы Тоолуу Бадахшандын Хорог шаарына генерал Абдулло Назаровду өлтүргөндөрдү кармоо максатында аскер күчтөрүн киргизип, атайын операция өткөрүү боюнча чечим кабыл алгандар жоопко тартылышын талап кылууда. Партия ошол эле кагылышта жабыр тарткандарга жана набыт болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү керектигин айтып чыкты. “Бийлик бул куралдуу операцияны күнөөлүүлөрдү табуу үчүн эмес, 2013-жылы өтчү президенттик шайлоого даярдык катары өткөрдү”, - деп айтылат СДПнын кайрылуусунда.

СДП лидерлери Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен Тоолуу Бадахшан автоном облусу жаратылыш байлыктары көптүгүнө карабай эң кедей жана паракорлук өнүккөн аймак катары калып жатканына кабатырлануу билдиришти. Бадахшан Ооганстан менен чектеш болсо да Тажикстандын эң стабилдүү аймагы катары саналчу.

Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарында согушчандарга каршы атайын операция 21-июлда Коопсуздук комитетинин генералы мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин башталып, 60тан ашуун адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG