Бүгүн Кумтөрдөгү абалды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын алтын кенге сапары башталат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кенде экологиялык, социалдык-экономикалык жана юридикалык экспертиза жүргүзүү үчүн атайын үч жумушчу топ түзүлдү. Мамлекеттик комиссияга ушул жылдын октябрына чейин эл аралык эксперттер менен бирге кенди иштетүүдөгү кемчиликтерди аныктап-баалоо, бир катар келишимдерди кайра карап чыгуу тапшырылган. (KKs)