Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

БУУ: Сирия азык-түлүккө муктаж


Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба иштери боюнча бөлүмү Сирияда үч миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп турганын, азык-түлүк, буудай жетишсиз экендигин атайын иликтөөсүнөн кийин билдирди. Азыр да токтобой жаткан согуштан улам 1,5 млн сириялык жакынкы 3-6 айдын ичинде жардамга абдан муктаж. Иликтөөдө айтылгандай, тынбай жүрүп жаткан кагылыштан улам Сириянын көпчүлүк аймагында фермерлик чарба менен алектене албай турушат. Сирияда ушул күндөрү экинчи чоң шаар саналган Алепподо оппозиция менен бийликтин куралдуу күчтөрү аёосуз салгылашууда. БУУнун маалыматы боюнча, 2011-жылдын март айынан башталган жаңжалдан бери Сирияда 16 миңге жакын адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG