Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Бишкекте нан заводунун курулушу башталат


Бишкекте келерки аптада нан заводунун курулушу башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Бул нан заводду куруу үчүн Түркия 7, 5 миллион доллар гранттык каражат бөлүп берди. Буга байланыштуу жакынкы күндөрү Түркиядан атайын адистер келишет.

Завод борбордун 12-кичирайонунда курулмакчы. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ишкана саатына 8 миң нан чыгарат. Курулуш иштерине 3 ай кетет деп эсептелүүдө.

Мэрия заводдун курулушу менен нандын баасын жөнгө салууга шарт түзөлөөрүн билдирди. Ушундай эле завод Ош шаарында да курулары пландалууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG