Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Караколдук окутуучу пара менен кармалды


Каракол шаарындагы Медициналык кесиптик окуу жайдын окутуучусу 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган окутуучу мектеп бүтүрүүчүсүн окууга өткөрүп берем деп ата-энесинен 25 миң сом сураган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган окутуучу Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG