Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Майкл Фелпс 20-жолу Олимпиада медалын жеңди


200 метрди аралаш стилде сүзүүдө ал марага биринчи болуп келди. Анын алдында эле суучул Ребекка Сони да алтын медал утуп, АКШ медалдардын саны боюнча биринчи сапка көтөрүлдү. Эми алар 37 медалга ээ болушту, анын 18и алтын. Ушунча эле алтынды Кытай жеңди, бирок медалдардын жалпы саны - 34. Жапония 19 медал менен 3-орунга жайгашты.
Дзюдодо кечээ орусиялык Тагир Хайбулаев монголиялык атаандашын жеңди. Ал таймашка Лондондо сапар менен жүргөн президент Владимир Путин жана британ премьери Дэвид Камэрон күбө болушту.

Ал эми америкалык баскетболчулар Олимпиадада бир эле оюнда эн көп топ киргизүү боюнча рекорд коюшту. Нигерия менен матчты алар 156-73 эсебинде жеңишти. Буга чейин 1988-жылы Сеул Олимпиадасында Бразилиянын курама командасы Египетти 138-85 эсебинде уткан.

АКШ командасы NBAнын жылдыздарынан турат.

XS
SM
MD
LG