Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Иран айдын аягында атомдук программасын талкуулоого макул болду


Бул тууралуу Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон билдирди. Ирандын атомдук маселелер боюнча өкүлү Саед Жалили бейшембиде телефон сүйлөшүүсүндө диалог айдын этегинде уланаарын айтты. Эштон талкуу кандай форматта өтөөрүн тактаган жок. Апрель айынан бери Тегеран жана 6 өлкө – Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү менен Германия - 3 жолу жолугушкан. Тараптар азырынча мунасага келе албай жатышат. Иран ядролук куралга ээ болууну көздөөдө деп шектенген эл аралык коомчулук Тегеран атомдук программасын токтотууга тийиш деп келатат.

XS
SM
MD
LG