Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


4-августта Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33 градус ысык болот.
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32 градус,
Баткен облусунда түнкүсүн 13...18 күндүз 28...33 градус,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…14, күндүз 21…28 градустун тегерегинде ысып, аймактарга жараша өзгөрүп турат.
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 25…30 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан ылдамдыгы секундуна 4-9 чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 30…32 градус ысык болот

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 2-августта күндүз 23 градус, 3-августтун таңында 21 градус болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG