Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Москванын Хамовнич соту "Пуси Райот" рок тобунун ишин кароодо


Сот жараянынын бешинчи күнүндө судья айыптоочулардын далилдерин жана жактоочу тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн карап жатат. Процесстин башында Христос куткаруучунун ибадатканасында коюлган видеокамерага тартылып калган тасма көрсөтүлдү.

Ушул жылдын февраль айында “Пуси Райот” рок тобу ал жерде президент Владимир Путиндин бийликте кала беришине каршы ырдап чыккандан кийин камакка алынган эле. “Бейбаштык кылган” деп айыпталып жаткан рок тобунун мүчөлөрү Надежда Толоконникова, Екатерина Самуцевич жана Мария Алохина жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн деп айтылууда.

Кечээ сот жараяны боюнча президент Владимир Путин биринчи жолу пикирин билдирди. Ал кыздардын чиркөөдө жасаган акциясында жакшы нерсе аздыгын, бирок ал үчүн ырчыларды катуу жазалоонун зарылчылыгы жоктугун белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG