Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Тажикстандын медиа уюмдары бийликти мыйзам бузбоого чакырууда


Тажикстандын журналисттик уюмдары интернет сайттардын жабылышы боюнча Мамлекеттик байланыш кызматынан түшүндүрмө талап кылууда. Бул тууралуу өлкөнүн журналисттер кеңешинин төрагасы Акбарали Сатторов билдирди.

Хорогдо генерал Назаровдун өлүмүнөн кийин башталган аскердик операциядан соң республикалык жана эл аралык 17 маалымат сайты жабылган. «Азия плюс» маалымат сайты акыркы 10 күн ичинде эки жолу жабылган. Мындан тышкары "Вести", Би-Би-Си, "Озодагон", "Памир-Вести" жана Youtube сайттары ачылбай жатат.

Тажик бийлиги тыюу салынган бардык сайттар Тоолуу Бадахшандагы атайын операция жөнүндө көбүртүп-жабыртып, туура эмес маалыматты таратканы үчүн ушундай кадамга барышканын айтып, жабылган сайттар жакынкы күндөрү ачылбай турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG