Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Жети-Өгүздө кырсыктаган альпинист Бишкекке жеткирилди


Жети-Өгүздө кырсыктаган орусиялык альпинист Илдар Валиулин Бишкекке жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдиргендей, Валиулин менен кошо дагы эки альпинист келди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан жети адамдан турган альпинисттер тобу Ысык-Көлдөгү тоо чокуларын багындыруу максатында Кыргызстанга келишкен. 1-августта топтун мүчөсү Илдар Валиулин Жети-Өгүздөгү чокулардын бириндеги жаракага түшүп кетип, бутун сындырып алган.

Аба ырайына байланыштуу аларга жардам 1 күндөн кийин жиберилген. Илдар Валиулин бүгүн Татарстанга жөнөтүлмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG