Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Орусия, Кытай Башкы ассамблеянын чечимин сындашты


Орусия менен Кытай Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жума күнкү резолюциясын Сирияда тынчтыкка жетишүүгө зыян келтирет деп сындады. Резолюцияда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жана Сирия өкмөтү өлкөдөгү жаңжалды токтотууда чабалдык кылууда деп сындалган эле. Сауд Аравия сунуш кылган резолюцияны 133 өлкө колдоп, 12 өлкө каршы чыккан, 31 өлкө добуш берүүгө катышкан эмес. Орусия жана Кытай Коопсуздук кеңешинин Сирияга каршы санкцияга бир нече ирет вето жарыялап, өткөрбөй койгон. Москва санкцияны “куралдуу топторду ачыктан ачык колдоо” деп атаган.

Кытайдын БУУдагы элчисинин орун басары Вэнг Мин болсо: "Сириянын күнкорсуздугу, биримдиги жана территориялык бүтүндүгү сыйланыш керек. Сириянын келечегин жана тагдырын Сирия эли өзү аныкташы абзел... Санкция кырдаалды татаалдаштыргандан башка эч нерсе бербейт", - деди.

БУУнун эсебинче, Сирияда 17 айдан бери жүрүп жаткан куралдуу коогалаң 19 миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмаган.

XS
SM
MD
LG