Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Иран 300 км жетчү жаңы ракетаны сыноодон өткөрдү


Иран 300 чакырымдагы бутаны жок кылчу баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрдү. Өлкөнүн коргоо министри Ахмед Вахидге шилтеп, Ирандын маалымат булактарынын кабарлашынча, “Фате-110” ракетасынын жаңыланган түрү Перс булуңундагы жана Оман деңизиндеги, ошондой эле кургактагы буталарды жок кыла алат. Вахид ракетаны “опузалап-коркутуу куралы” деп атап, “Фате-110” Иранга кол салуу ниети барларга каршы гана колдонулат дейт. Ал бирок орто аралыкка учуучу ракета качан сыналганын айткан жок.

XS
SM
MD
LG